Египетте 4 миң жылдык жыгач айкел табылды

Айкелдин акыркы фараондорунун бирөөсүнүн жубайына таандык экендиги болжолдолууда.

830512
Египетте 4 миң жылдык жыгач айкел табылды

Швейцариялык жана француз археологдор Египеттеги эң эски пирамидалар өрөөнү болгон Саккарада 4 миң жыл мурда жасалган жыгач айкелдин башын табышты. Айкелдин акыркы фараондорунун бирөөсүнүн жубайына таандык экендиги болжолдолууда.

Казууларга жетекчилик кылган Филипп Коломберт : «Тилекке каршы бюст абдан жаман абалда жана калкка көрсөткөндөн мурда рестоврациялоо керек»,- деди. Филипп Коломберттин тобу өткөн жумада да пирамиданын формасында бир ташты табышкан.

Таштын фараон I. Pepiнин жубайы II. Ankhesenpepiге таандык бир пирамиданын чокусунда орун алгандыгы жана үстүн каптаган алтын көрнөктөрдүн саясында күндө жаркылдагандыгы айтылууда. Археологдор тапкан баш бул божомолдорду ырастады. Жыгачтан жасалган баш пирамида ташы табылган жерден чыкты. Айкелдин тышында гранит балбал таштын бир бөлүгү менен бирге көп сандаган чыгарма аныкталды.



Тектеш кабарлар