Калифорниядагы өрт 21 адамдын өмүрүн жалмады

Токой өрттөрү 3 күндөн бери өчүрүлө албай жатат

825547
Калифорниядагы өрт 21 адамдын өмүрүн жалмады

АКШнын Калифорния штатында 3 күндөн бери өчүрүлө албаган өрттөн каза болгондордун саны 21ге жетип, жүздөгөн киши болсо дайынсыз жоголду.

Тилсиз жоонун айынан 3 миң 500 үй жана ишкана күл болду.

Өрттөр 70 миң гектардык аянтка жайылды.

Кургак аба жана катуу шамалдар өрттүн көзөмөлгө алынуусун татаалдаштырууда.

Калифорниянын түндүк аймактарынын чоң бөлүгү күлгө айланды.

20 миңге жакын кишиден үйлөрүнөн чыгып кетиши талап кылынды.

5 миң кишилик Калистога кыштагы толугу менен бошотулду.

Бошотулушу сунушталган 11 миң кишилик Сономада болсо асмандан күл жаап жатат.

Сонома аймагында эле 550 киши дайынсыз жоголду. 

Коңшу штаттардан камсыздалган колдоо аркылуу аймакта 8 миңге жакын өрт өчүрүүчү кызматкер өрттү өчүрүү жана жардам иштерине катышууда.



Тектеш кабарлар