Германияда борошо болду

Борошодо жети киши каза болду.

821592
Германияда борошо болду

Германияда Гамбург жана борбор шаар Берлинде катуу болгон борошодо жети киши каза болду. Ылдамдыгы саатына 180 километрге жеткен шамалдан улам дарактар кулады. Дарактардын унаалардын үстүнө кулашы менен эки киши каза болду.

Бранденбург аймагында жана Берлиндебеш киши каза болду. Болгон кырсыкта көп сандаган киши да жараланды. Гамбургда жетекчилер элди эшикке чыкпоо боюнча эскертишти.Борбор шаар Берлиндеги аэропорттордо каттамдар кечигүү менен аткарылды. Коомдук транспортто да аксоолор болуп, кээ бир поезд каттамдары токтотулду.

 

 



Тектеш кабарлар