Мадагаскарда чума

Мадагаскардагы чума эпидемиясынан каза болгондордун саны 26га жетти.

818399
Мадагаскарда чума

Мадагаскардагы чума эпидемиясынан каза болгондордун саны 26га жетти. Чумадан  каза болгондордун арасында Мадагаскарга Инд океанынын чемпион клубдар кубогунун оюндары үчүн барган Сейшллер аялдар улуттук баскетбол командасынын машыктыруучусу Аликс Аллисоп да бар эле.

Премьер  - министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эпидемиянын жайылышына тоскоол болуу үчүн чара көрүлгөндүгү, ушунун алкагында көчө митингдерине да тыюу салынгандыгы белгиленди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Мадагаскар өкүлү Шарлотта Ндиайе болсо жарандарды эпидемиядан кылдат болууга, оорунун белгилери билинер замат саламаттык сактоо борборуна кайрылууга чакырды.



Тектеш кабарлар