ВИЧ вирусун жок кылган антитело иштелип чыкты

СПИД оорусуна алып келген вирус түрлөрүн 99 пайыз жок кылган антитело иштелип чыкты

812359
ВИЧ вирусун жок кылган антитело иштелип чыкты

АКШнын Улуттук медицина институттары жана дары-дармек компаниясы Санофинин кызматташуусунда иштелип чыккан антитело, ВИЧ түрлөрүн 99 пайыз жок кылат жана приматтарда инфекцияга тоскоол болот.

Илимпоздор 24 маймылды өтө күчтүү жаңы антитело менен эмдешти. Андан кийин ВИЧ вирусу сайылган жаныбарлардын эч биринде СПИД оорусуна кездешилген жок.

Антителонун 2018-жылы адамдарда сыналышы пландалууда.

Гарвард университетинин медицина факультети, Скриппс изилдөө институту жана Массачусетс университетинин технология институтунун илимпоздору колдоо көрсөткөн изилдөөнүн деталдары «Science» журналында жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар