Орусияга маалымат саткан америкалыкка абак жазасы

Америкалык жаран Орусияга жашыруун маалыматтарды саткан

809739
Орусияга маалымат саткан америкалыкка абак жазасы

АКШнын Калифорния штатында аскердик жана соода спутниктери туурасында жашыруун техникалык маалыматтарды Орусияга сатууга аркет кылган америкалык жаран абакка тартылды.

Түштүк Калифорниянын аймактык прокурордугунун билдирүүсүндө, өзүн орус тыңчысы катары тааныткан, АКШнын федералдык териштирүү кеңсесинин кызматкерине аскердик жана соода спутниктерине таандык жашыруун маалыматтарды сатууга аракет кылган 50 жаштагы Грегори Аллен Жастистин 5 жылдык абак жазасына тартылганы белгиленди.

Билдирүүдө АКШнын Коргоо министрлиги менен иштешкен спутник өндүрүүчү менчик ишканада инженер болуп иштеген Аллен Жастистин АКШнын федералдык териштирүү кеңсесинин кызматкери менен сүйлөшүүлөрүндө айткан маалыматтар үчүн 3 миң 500 доллар алганы маалымдалды.



Тектеш кабарлар