БУУнун баш катчысы ИКАБдын чечими террордук уюм менен күрөшүүгө тоскоол болоорун жарыялады

Антонио Гутерриш, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) бир жактуу түрдө референдум өткөрүү чечиминин террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүгө көлөкө түшүрө турганы эскертүүсүн кылды.

808984
БУУнун баш катчысы ИКАБдын чечими террордук уюм менен күрөшүүгө тоскоол болоорун жарыялады

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, Ирактын күрт аймактык башкаруусунун (ИКАБ) бир жактуу түрдө референдум өткөрүү чечиминин террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүгө көлөкө түшүрө турганы эскертүүсүн кылды.

БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлдүгүнүн жарыясында Гутериштин Ирактын эгемендигин, жеринин бүтүндүгүн жана биримдигин урматтаганы жана борбордук өкмөт менен ИКАБдын ортосундагы бардык маселелердин диалог жана конструктивдүү макулдашуу жолу менен чечилиши керектигине ишенгени белгиленди.

Баш катчы Гутерриштин тараптарга бул темада сабырдуу болуу жана кылдат мамиле кылуу чакырыгын салып, БУУнун бардык аракеттерди колдоого даяр болгону баса белгиленген жарыяда буларга токтолду: «Баш катчы, учурда элдик добушка салынышы жөнүндөгү бир жактуу токтомдун, террор уюму ДЕАШ менен күрөшүүгө, кайтарылып алынган аймактын кайрадан курулуусуна жана 3 миллиондон ашуун качкын жана өлкөнүн ичинде жеринен ажыраган кишилердин коопсуз түрдө кайра кайтышына көлөкө түшүрө турганына ишенет».

 



Тектеш кабарлар