БУУнун коопсуздук кеңеши Түндүк Корея темасы менен кайра шашылыш чогулат

Жыйналыш талабынын болсо АКШ жана Япониядан келгени маалым болду.

807863
БУУнун коопсуздук кеңеши Түндүк Корея темасы менен кайра шашылыш чогулат

БУУнун коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын жаңы ракета сыноосунан кийин бүгүн чогулат.

БУУнун жарыясына караганда Коопсуздук кеңешинин саат 15:00дө Түндүк Кореянын ракеталык сыноосун сүйлөшүү үчүн жабык эшик артында чогула турганы жарыяланды.

Жыйналыш талабынын болсо АКШ жана Япониядан келгени маалым болду.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон болсо, Түндүк Кореянын кайрадан ракета учурганы туурасында жазуу түрүндө жарыя салды.

Анда, «Түндүк Кореянын чагымчыл түрдө ракетасын учуруусу, АКШнын шериктеши болгон Япония калкына карай акыркы апталардагы экинчи коркутуусу болуп саналат»,делди.

Йонхап маалымат агенттиги «Түндүк Корея, Пхеньян-Сунанга жакын жерден эртең менен саат 6дан 57 мүнөт өткөндө аныктала албаган бир ракетаны учурду. Ракета Япониянын үстүнөн өтүп Түндүк Тынч океанга жетти»,деген маалыматка орун берди.

Пхеньян 3-сентябрда 2006-жылдан берки эң күчтүү 6-ядролук сыноосун кылган. Бул сыноодон кийин АКШ тарабынан даярдалган жана Түндүк Корея бийлигине жаңы экономикалык санкциялар киргизилишин камтыган токтом долбоору БУУнун коопсуздук кеңешинде кабыл алынган болчу.

Түндүк Корея болсо БУУнун коопсуздук кеңешинин акыркы экономикалык санкцияларына катуу каршылык көрсөтүп, Японияны «кыйратуу», АКШны болсо «күлгө айланта турганы» менен коркуткан.



Тектеш кабарлар