Англияда болгон жарылуу "террордук кол салуу" деп жарыяланды

Англис полициясы шаардын батышындагы Парсонс Грин станциясында болгон жарылуунун террордук кол салуу болгонун жарыялады.

808077
Англияда болгон жарылуу "террордук кол салуу" деп жарыяланды

Англиянын борбор шаары Лондондо метро станциясында жарылуу болду.

Англис полициясы шаардын батышындагы Парсонс Грин станциясында болгон жарылуунун террордук кол салуу болгонун жарыялады.

Убактысы белгиленген механизм колдонулган жардыруудан 22 кишини жаракат алды.

Жарылуунун вагондордун бириндеги ак боек челегиндеги баштыктын өрттөнүшү менен болгону айтылууда.

Териштирүүгө чалгындоо бөлүктөрү да колдоо көрсөтүүдө.

Жаралуулардын арасында өмүрү коркунучта болгон эч ким жок.

Англиянын премьер-министри Тереза Мэй, коопсуздук кабинетин шашылыш чогултту.

Жыйналышта өлкөнүн террор коркунучу деңгээлинде өзгөртүү жасалбай «опурталдуу» деңгээлинде калуусуна чечим чыгарылды.

Социалдык тармактагы бөлүшүүлөрдө болсо поезддин артындагы ак кутунун жарылганы, поездден чыгарылгандардын беттери күйүп калганы белгиленди.

Лондон метросун күнүгө 5 миллиондой киши колдонот.



Тектеш кабарлар