БУУнун аракандык мусулмандар туурасындагы бирдиктүү билдирүүсү

БУУнун коопсуздук кеңеши Мьянмадагы аракандык мусулмандарга карай зомбулуктарды сүйлөшүү үчүн жабык эшик артында чогулуш өткөрдү.

806830
БУУнун аракандык мусулмандар туурасындагы бирдиктүү билдирүүсү

БУУнун коопсуздук кеңеши 9 жылдан кийин алгач ирет Мьянма темасында бирдиктүү билдирүү чыгарып Араканда зомбулуктардын дароо токтотулушу керектигин жарыялады.

БУУнун коопсуздук кеңеши Мьянмадагы аракандык мусулмандарга карай зомбулуктарды сүйлөшүү үчүн жабык эшик артында чогулуш өткөрдү.

БУУнун коопсуздук кеңешинин сентябрь айынын кезектеги жетекчиси Эфиопиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Текеда Алему, кеңештеги жыйналыштан кийин журналисттерге маалымат берди.

Алему: «БУУнун коопсуздук кеңеши жарандарга карай ашкере күч колдонууларга санааркоодо жана жарандарга карай кол салууларды айыптады. Кеңеш, Аракандагы зомбулуктун дароо токтотулушу, чыңалуунун басаңдатылышы жана жарандардын корголушу боюнча чакырык салат»,-деди.

БУУнун коопсуздук кеңешинин Бангладештин аракандык мусулмандарга каалгасын ачышы болсо ыраазычылык менен кабыл алынганын белгилеген Текеда Алему, Мьянма өкмөтүнө гуманитардык жардамдардын камсыздалышы темасында БУУ жана башка жардам мекемелери менен кызматташуу чакырыгын салды.

Англиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Мэтью Рикрофт болсо, «БУУнун коопсуздук кеңеши 9 жылдан кийин алгач ирет Мьянма темасында бирдиктүү билдирүү боюнча макулдашты»,-деп айтты.

Бул учурда БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, Мьянмада аракандык мусулмандарга карай зомбулуктун «кабыл алынгыс» экенин белгилеп, жооптуу кызматтагыларга аскердик операцияларды токтотуу, зомулукту дароо токтотуу жана гуманитардык жардамдарга уруксат берүү чакырыгын таштады.

Гутерриш, БУУнун башкы борборунда БУУнун башкы ассамблеясынын 72-чакырылышынын отурумдарынын алдында өткөргөн маалымат жыйынында, Мьянмадагы аракандык мусулмандарга карай күч колдонуу окуяларына токтолду.

Аракандык мусулмандар башынан өткөргөн маселелердин өлкөнүн чек араларынан ашып аймакта ыраатсыздыкка себеп болгонун айткан Гутерриш, Аракандагы гуманитардык абалды болсо «апаат» деп мүнөздөдү.

Мьянма армиясынын куралчан террористтер менен күрөшүү шылтоосу менен Араканда жарандарга карай кол салууларынан 25-августтан бери миңдеген мусулмандын өмүрү кыйылды. Мьянма бийлигинин аймакка кирип-чыгууларга уруксат бербөөсүнүн себебинен каза болгон жарандардын саны толук тактала албай жатат.

Кол салууларда 150дөн ашуун айыл, армия жана буддист улутчулдар тарабынан өрттөлдү. Он миңдеген аракандык мусулман коопсуздугунун себебинен дагы деле аймактан алыс кетүүгө аракет кылып жатат. Мьянмадан качкан жарандар тоолуу аймактар, Наф дарыясы же деңиз жолу менен Бангадешке өтүүдө. БУУга караганда 25-августтан бери Бангладешке баш калкагандардын саны 380 миңге жетти.



Тектеш кабарлар