АКШда бир тик учар кырсыкка учурады

Кырсыкта тик учардын учкучу менен бир жүргүнчү каза болду,

803954
АКШда бир тик учар кырсыкка учурады

АКШнын Нью Жерси провинциясында бир тик учардын кырсыкка учурашы менен эки киши каза тапты.

Медфорд поселогундагы Flying W аэропортунан учкан тик учар конуу үчүн төмөндөп жаткан учурда билинбеген бир себеп менен токой аянтына түштү. Тик учардын учкучу каза болгон кырсыкта жаралуу куткарылган жана ооруканага жаткырылган жүргүнчү да бардык жардамдарга карабастан каза болду.

Жетекчилер иш чаралар өткөрүлүп жаткан аэропортто бүгүн кечинде "Montgomery Gentry" музыкалык топтун  концерт койорун белгилешти.  Бул музыкалык топтон берилген маалыматта болсо кырсыкта каза болгон жүргүнчүнүн  топтун вокалисттеринен Трой Гентри экендиги жарыяланды.

 



Тектеш кабарлар