Тиллерсон Трамптын билдирүүлөрүнө баа берди

АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон улутчулук талаш- тартыштары тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамптын өз атынан сөз сүйлөгөндүгүн айтты.

797867
Тиллерсон Трамптын билдирүүлөрүнө баа берди

АКШнын тышкы иштер министри Рекс Тиллерсон улутчулук талаш- тартыштары тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамптын өз атынан сөз сүйлөгөндүгүн айтты.

АКШ телекөрсөтүү каналы Fox Newsта катышкан программада күн тартибине баа берген Тиллерсон Шарлоттсвилледе улуттук топтор менен каршы топтордун ортосунда чыккан окуяларга токтолду.

Тиллерсон Америка калкынын баалуулуктары тууралуу эч кимдин шектенбей тургандыгын белгилеп, улутчулдуктун АКШда орду жок экендигин баса белгиледи. Дональд Трамптын сүйлөгөн сөзүндө улутчулдук жана каршы топторду сынга алышы эскертилүүсү менен : «Президент өз атынан сүйлөп жатат»,- деди.

АКШнын президенти Трамп өлкөнүн ар башка шаарларында болгон улутчулдук окуяларынан кийин бир гана улутчул топторду бутага алуу менен калбастан ошол эле учурда каршы топтордун да күч колдоно баштагандыгын айтып эки тарапты тең сынга алган болчу.

Бир тараптан тышкы иштер министри Тиллерсон Түндүк Корея кризиси тууралуу дипломатиялык жолдорду улантууну каалашкандарын билдирди. Тиллерсон Афганстан стратегиясына өзгөртүүнүн киргизилгендигин жана Америка аскерлеринин убакыт менен эмес шарттар менен белгиленерин айтты.

Афганстанда террордук уюм Талибанды дагы бир жолу сүйлөшүү столуна чакырган Тиллерсон террордук уюм ДЕАШ жана Аль Каида менен күрөшүүнүн жеңишке жетишкенге чейин улантыларын айтты.

 



Тектеш кабарлар