Кения оппозициясы Жогорку сотко кайрылат

Африка өлкөсү Кенияда 8-августта президенттик шайлоодон жеңилген бириккен оппозициянын талапкери Раила Одинга, жыйынтыктарды сотко алып барарын айтты.

791936
Кения оппозициясы Жогорку сотко кайрылат

 Африка өлкөсү Кенияда 8-августта президенттик шайлоодон жеңилген бириккен оппозициянын талапкери Раила Одинга, жыйынтыктарды сотко алып барарын айтты.

Оппозициялык партиялар түзгөн Улуттук мыкты бирикме партиясынын (NASA) талапкери Одинга, борбор калаа Найробиде берген маалыматында 8-августта өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыктарына макул эмес экендиктерин айтып, апелляция үчүн Кениянын Жогорку сотуна кайрылууга чечим чыгаргандарын билдирди.

Одинга, электрондук шайлоо системасынын бурмаланганын белгилеп: “Сандар менен кандай ойнолгонун, Ухуру Кениятта шайлоодо кантип жеңишке жеткенин, сотто бүткүл дүйнөгө көрсөтөбүз,”- деди.

Шайлоо жыйынтыктарын “компьютердин жардамы менен жасалган шайлоо” деп баалаган Одинга кениялыктардын мындай жол менен жеңишке жеткен лидерликти эч качан кабыл албай тургандарын айтты.

Оппозиция мүчөлөрү компьютердик хакерлердин, шайлоого бир жума калганда уурдалып, кийин жансыз денеси табылган шайлоо комиссиясынын өкүлү Крис Мсандонун паспортун колдонуп,  электрондук шайлоо системасына кирип жана маалыматтар базасында ката жаратып жыйынтыктарга кийлигишүү болгонун да айтып жатышат.

Кениянын Көз карандысыз шайлоо жана чектөөлөр комиссиясы (IEBC) өткөн жумадагы билдирүүсүндө, добуштардын 54,27 %ын алган азыркы президент Ухуру Кенияттанын кызмат орундугуна кайрадан шайланганын, оппозициянын талапкери Одинга болсо 44,74 % добуш алып шайлоодон жеңилгенин билдирген.

Шайлоо жыйынтыктары жарыялангандан кийин оппозициячылдар жалпы өлкө боюнча нааразычылык акцияларын уюштурушкан. Жыйынтыгында полициянын кийлигүүшүсүнөн улам 24 адам каза болгону белгилүү болгон.



Тектеш кабарлар