Корея жарым аралындагы көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чече алабызбы?

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриель менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

790959
Корея жарым аралындагы көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чече алабызбы?

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгу билдирүүсүндө Вангдын орусиялык кесиптеши Лавров менен болгон сүйлөшүүсүндө эки тараптуу жана аймактык маселелер, Корея жарым аралынын азыркы абалы жөнүндө пикир алмашуулар болгону белгиленди.

Маалыматка караганда, Корея жарым аралындагы ядролук курал маселесин тынчтык жолу менен чечүүлүсүнүн бардык жактарын жалпы кызыкчылыктар менен шайкеш келгенин айткан министр Ванг, азыркы шартта тынчтык жолу алдыңкы орунда экенине көңүл бурду.

Ванг, Пхеньян бийлигинин жана Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) “ август айынын кризисине ” жол бербөө үчүн чагымчылдык сөздөрдөн жана кыймыл-аракеттерден алыс туруу үчүн  шашылыш түрдө тормозго басуу керек экенин айтып, эч кимдин Кытай жана Орусиянын каалгасынын босогосунда чыңалууну күчөтүшүнө уруксаат берилбеши керек экенин айтып өттү.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров да Түндүк Кореянын ядролук курал боюнча маселеси согуштук ыкмалар  менен чечилүүсүнүн кабыл алынбай турганын, анын ордуна саясий жана дипломатиялык инструменттердин колдонулушу керек экенин айтты.

Ванг, германиялык кесиптеши Габриэль менен болгон маегинде болсо бардык тараптардын конкреттүү аракеттеринин аркасынан улам Корея жарым аралындагы кризисти азайуу белгилери билингенин, бирок бул кризистин бүтүүсү учүн  иштерди улантуу керек экендигине басым жасады.

Корея жарым аралын ядролук куралдан арылтууда Кытайдын тынчтык жолу менен чечүү сунушун кайталаган Ванг, кызыккан бардык тараптарга адамзатка жана тарыхка жоопкерчилик менен мамиле кылып “туура талдоо” жана “акыл-эстүүлүк менен тандоо” жасоолоруна  чакырды.

Германиянын тышкы иштер министри Габриэль да бардык тараптардын Корея  жарым аралынын чектен чыгуусуна бөгөт коюу үчүн Европанын тарыхынан сабак алуу керек экенин белгилеп, Кытайдын маселени чечүүдөгү аракеттерин баалады.

 

 



Тектеш кабарлар