Израиль Шейх Раид Салахты камоого алды
Израиль полициясы 1948 Палестина исламдык кыймылынын лидери Шейх Раид Салахты үйүнө жасаган баскында камоого алды.
Израиль полициясы 1948 Палестина исламдык кыймылынын лидери Шейх Раид Салахты үйүнө жасаган баскында камоого алды.
Израиль полициясы берген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда «көкүтүүчүлүк кылгандыгы жана мыйзам тышы бир коомдун иштерин колдогондугу» айтылган Шейх Салахтын Уммул Фехимдеги үйүнө түнкү сааттарда баскын жасалды.
Шейх Салахтын Израиль полициясы жана ички чалгындоо сервиси Шин Бет тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүнүн негизинде камоого алынгандыгы билдирилип : «1948 Палестина исламдык кыймылы 2015 - жылы ноябрь айында мыйзам тышы деп жарыялангандан киийн бул көкүтүүчү киши топторго бир топ жолу кайрылууда болгон жана сөздөрү Израиль медиасы тарабынан берилген. Бул сөздөрү кыймылдын дүйнө көз карашы менен байланыштуу. Жүргүзүлгөн изилдөөдөн кийин бул сөздөрдүн кээ бирлеринин кылмыштарды пайда кылгандыгы аныкталды»,- деп айтылды.
Полициянын билдирүүсүндө Шейх Салахтын кылмыштарды пайда кылгандыгы айтылган сөздөрү ачыкча белгиленген жок.
Израиль 1948 Палестина исламдык кыймылы 2015 - жылы ноябрь айында Акса мечити жана Чыгыш Иерусалимде басып алууга каршы иштерди алып барды деген негиз менен «мыйзам тышы террордук уюм» деп жарыяланып тыюу салынган болчу.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.