Испанияда туристтерге каршы митинг өткөрүлүүдө

Премьер  - министр Мариано Рахой митингге чыккандарды сынга алды.

789727
Испанияда туристтерге каршы митинг өткөрүлүүдө

Испаниянын Барселона шаарында туристтерди каалабаган шаар тургундары митингдерин улантышууда. Туристтердин айынан көтөрүлгөн аренда бааларынан арызданган митингчилер сары футболкаларын кийишип плакат ачышып, кол кармашып жээкке карай басышты.

Митингге чыккандар туристтердин  арендага алган үйлөрдө узун убакыт калышынан тынчсызданышууда. Түнү көп кыймылдуулуктан уктай алышпагандарын билдирген шаардын тургундары туристтердин кыймыл аракети боюнча азырданышууда. Бул маселе Испания өкмөтүнүн да күн тартибинен орун алган.

Премьер  - министр Мариано Рахой митингге чыккандарды сынга алды.

Рахой өлкөнүн улуттук кирешесинин 11 пайызын түзгөн бир туризм секторуна каршы митингдердин маанисиз экендигин айтты. 2016 -  жылы Испанияга барган 75 миллион турист менен рекордго жеткен болчу.



Тектеш кабарлар