АКШда жааттташкан топтордун талаштары күчөдү

АКШнын Виргиния штатында жайгашкан Шарлотсвилл шаарчасында жикчил топтордун ортосунда болгон зомбулук окуялары өлкөнүн бир топ шаарчасында нааразычылык акцияларын жаратты.

789483
АКШда жааттташкан топтордун талаштары күчөдү

Мичиган штатында топтошкон мусулман жана христиан уюмдарынын өкүлдөрү, ак рассадагылардын жогору турарын айткан топтордун зомбулук окуяларга себеп болгондугун айыпташты.

Нью-Йоркто жөөттөр менен мусулмандардын уюмдары неонацисттердин кыймылдарын жана жикчилдикке каршы болгондорго кол салууларын айыпташты.

Чикагодо чогулган жүздөгөн киши, АКШ туш келген расист жана жек көрүүчүлүк кылмыштарынын коомдук мааниде өтө чоң коркунучка ээ экендигине көңүл бурду.

Бул арада АКШнын президенти Дональд Трамптын кол салууну айыптаган билдирүүсүндө расист топтор эскерилбегендиги талкууга жем таштады.

Расмий Ак үйдөн  билдирилген маалыматта, Трамптын зомбулукка кириптер болгон бардык топторду айыптаганы, буга ак жүздүүлөрдүн жогору болгондугун айткандар, Ку Клух Клан, неонацисттер  жана буга окшош аша чапкан топтордун да кириптер болгону белгиленди.



Тектеш кабарлар