Вьетнамда коркунучтуу вирус

Бул вирус адамдарга чиркейлер аркылуу жугат

788344
Вьетнамда коркунучтуу вирус

Вьетнамда денге безгеги вирусунан эки жуманын ичинде дагы 6 киши каза болуп, ушул жылы көз жумгандардын саны жалпы 23кө жетти.

Саламаттык сактоо министрлиги, быйыл катталган 82 миң оорулуунун 5 миңинин борбор шаар Ханойдо жашаганы билдирилди.

Денге безгек вирусу, адамдарга чиркейлер аркылуу жугат.

Өрчүү мезгилинен кийин дененин температурасынын бираз көтөрүлүшүнө алып келген бул оору, айрым бейтаптарда өлтүрүүчү болушу мүмкүн.

Илимпоздор күндүн аябай ысышы жана көпкө созулган жамгырлардын малярия жана денге безгеги ооруларын ташыган чиркейлердин көбөйүшүнө себепчи болгонун билдиришти.



Тектеш кабарлар