Талибан качырган 235 жаран эркин койо берилди

Афганстандын түндүгүндөгү Сер  - и  Пул аймагында Талибан качырган 235 жаран эркин койо берилди.

786837
Талибан качырган 235 жаран эркин койо берилди

Афганстандын түндүгүндөгү Сер  - и  Пул аймагында Талибан качырган 235 жаран эркин койо берилди.

Сар  - и Пул губернаторлугунун катчысы Забихуллах Амани Талибан мүчөлөрүнүн кыска убакыт мурда Сар  - и Пулдун Мирзавланг аймагын текшерүү астына алгандыгын, 30 жаранды өлтүргөндүгүн жана 235 кишини качыргандыгын айтты.

Амани уюмдун  колундагы жарандардын уруу лидерлеринин чакыруусу менен эркин койо берилгендигин жана Сар – и Пулдун борборуна жайгаштырылгандыгын белгиледи. Мирзавланга кол салган Талибан уюмуна ДЕАШ мүчөлөрүнүн колдоо бергендиги жана аймакта операциянын баштатылары билдирилди. Талибан Мирзавлангда өлтүрүлгөн 30 кишинин айыл коргоочулары экендигин ырастаган. Афганстандын мамлекет башчычы Эшреф Гани да жарандарды өлтүрүү жоопсуз калбай тургандыгын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар