Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Корея тууралуу чечимдерин аткаруу убадасын берди

Кытай БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Корея тууралуу чыгарган санкция чечимдеринин тыкандык менен аткарыларына убада берди.

786143

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттер коому АСЕАНдын Филиппендердин борбор шаары Маниладагы жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүндө : «Түндүк Корея менен салттык тыгыз экономикалык карым – катнаштар ичинде болушунан улам эң оор чыгымды өздөрүнүн төлөй тургандыгын»,- айтты.

Кытайдын тышкы иштер министри Ванг Йи Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттери коомунун «ядролук куралдардын жайылышына бөгөт болуу системасынын күчтөндүрүлүшү жана аймакта тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышы үчүн Кытайдын андан мурунку чечимдери болгондой эле БУУнун жаңы санкция чечимдерин да кемчиликсиз орундатарын» белгиледи.

Кытай тышкы иштер министри Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин ошол эле учурда үзгүлтүккө учураган Түндүк Корея, Түштүк Корея, Кытай, Орусия, Япония жана АКШнын ортосундагы алтылык сүйлөшүүлөрдүн кайрадан баштатылышын да күткөндүгүн эске салды. Ванг Йи бул жагдайдын Коопсуздук Кеңешинде АКШ тарабынан да колдоого алынгандыгын айтты.

Тектеш кабарлар