Германияда кытайлык эки турист камакка алынды

Кытайлык туристтер нацистче салам беришкен

784967
Германияда кытайлык эки турист камакка алынды

Германияда нацистче салам берген кытайлык эки турист камакка алынды.

Кытайлык туристтер борбор шаар Берлинде Германиянын Федералдык Парламентинин алдында фотосүрөт тартып жатып нацистче салам беришти.

36 жана 49 жаштарындагы эки турист, бул кыймылдарынын себебинен полиция тарабынан камакка алынды.

Мыйзамсыз белгилерди колдонгондугу менен күнөөлөнгөн туристтер, 500 евро күрөө төлөп камактан чыгышты.

Нацисттердин символдук жайларынын бири болгон Рейхстаг 1933-жылы өрттөлгөн болчу.

Өлкөнүн тарыхында маанилүү орду болгон бул окуянын себебинен Германиянын буга байланыштуу чектөө коюучу мыйзамдары бар.



Тектеш кабарлар