Индонезияда маймылдар менен аскерлер күрөшөт

Индонезиянын Бойолали аймагында үйлөр менен талааларды талап  - тоногон  маймылдарга каршы 100 аскер жана полициядан турган атайын топ кызмат кылат.

784010
Индонезияда маймылдар менен аскерлер күрөшөт

Индонезиянын Бойолали аймагында үйлөр менен талааларды талап  - тоногон  маймылдарга каршы 100 аскер жана полициядан турган атайын топ кызмат кылат.

Өлкөнүн Ортоңку Жава аймагынын Бойолали аймагында кээ бир отурукташуу аянттарындагы талаа менен үйлөрдү акыркы бир канча жумада маймылдар басып алышты.

Талаалар менен үйлөрдүн талап  - тонолушу ал түгүл адамдардын кол салууга учурашынан кийин аймак калкынын маймылдарга каршы таяк менен коргонушу ийгиликсиз болуп, жооптуу мекемелер аракетке өтүштү.

Маймылдар менен күрөшүүнүн максатында аймакта милдеттендирилген аскер, полиция жана аймактык аңчылар бөлүгүнөн турган топтун 100 кишиден ашуун экендиги жана кыска мөөнөттүү милдетти алат. Топтун максаты  талаалардагы үрөөн жана адамдарды коргоо, өлтүрбөй турган куралдар менен да маймылдарды аймактан алыстатуу. Ошол эле учурда аймакта ушул кезге чейин көпчүлүгү балдар менен картаңдардан турган 13 киши маймылдардын кол салуусуна учурады. Аймак калкы маймылдардын кол салуусуна кургактык мезгилинде учурап жаткандыгын, бирок негизги маселенин табигый турмуштук аянттардын зыян тартышы болгондугун белгилешүүдө.



Тектеш кабарлар