Трамп Конгресстин жаңы мыйзам долбоорун сынга алды

АКШнын президенти Трамп, Конгресстин Орусия, Иран жана Түндүк Кореяга багытталган жаңы санкцияларын “олуттуу өлчөмдө кемчиликтүү” болгонуна карабай “улуттук биримдик” үчүн кол койду.

783096
Трамп Конгресстин  жаңы мыйзам долбоорун сынга алды

Мыйзамдашкан долбоор, Трамптын өлкөсүнүн Орусияга жарыялаган санкцияларын жоюуга же өзгөртүүгө мүмкүн болгон кадамдарын конгресстин бекитүүсүнө коерун көздөйт.

Трамп жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Конгресстин “Американын душмандары менен санкция жолу аркылуу күрөшүү мыйзам” долбооруна кол койгондугун маалымдады.

Маалыматта Трамп:  “Тегеран жана Пхеньян бийлигинин  терс аракеттерин жазалоо же бөгөт коюу үчүн катаал алдын-алуу иштеринин алынышын тастыктайм. Айрыкча, Американын демократиялык процессине каршылык көрсөтүүнүн кечирилибешин жана Орусиянын бузукулук, туруктуулукту бузуучу иш-аракеттерине каршы шериктештерибиздин жана досторубузду колдой турганыбызды тастыктайм”,-деп айтты.

Буга карабастан конгресстен чоң көпчүлүк менен өткөн санкциялык мыйзам долбооруна тийиштүү кабатырлануусу болгонун эскерткен Трамп: “Конгресске мыйзам долбоорунун президенттик бийликтин укуктарын тартып алганын, америкалык ишканаларды жагымсыз шартка кептегенин  жана европалык шериктештерибиздин кызыкчылыктарына залакасын тийгизгендигин тууралуу санаркоолорумду жеткиздим”,-деди.

Трамп муну менен бирге, мыйзам долбоорунун өзгөчө президенттик бийликтин ыйгарым укуктарынан ашып өткөндүгү менен “олуттуу өлчөмдө кемчиликтүү” болгонун белгилеп: “Бул мыйзам долбоору, аткаруу бийлигин чектеп, алдыда АКШнын дагы жакшы макулдашууларга барышын кыйындатып, Орусия, Кытай жана Түндүк Корея өлкөлөрүн дагы да жакындатат”,-деп эскертти.

Өткөн аптада Конгрессте жана Сенатта кабыл алынган санкциялар бутага алган кишилердин бир тобу Орусиянын Украинадагы аракеттерине колдоо көрсөткөн же Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин чөйрөсүндөгү ишкер адамдар эле.

Санкциялар менен Орусиянын батыш өлкөлөрдөгү мунай зат, каржы, технология жана курал-жарак жаатындагы бардык нерселери токтотулуп, жаңы иш-аракеттерге да чектөөлөр киргизилди.  

 



Тектеш кабарлар