Косовада мечитке кол салуу болду

ТИКА тарабынан рестоврацияланган Фатих Султан Мехмет менен Яшар Паша мечиттеринин картиналарына исламофобиялык кол салуу жасалды.

782945
Косовада мечитке кол салуу болду

Косованын борбор шаары Приштинедеги жана Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин төрагалыгы ТИКА тарабынан рестоврацияланган Фатих Султан Мехмет менен Яшар Паша мечиттеринин картиналарына исламофобиялык кол салуу жасалды.

Косова Ислам Биримдиги тарабынан берилген маалыматта эки мечиттин ТИКА тарабынан рестоврациялангандыгын көрсөткөн картиналарга ким экени белгисиз кишилер тарабынан кол салынгандыгы белгиленди. Косовада аткарган проектилеринен улам ТИКАга рахмат айтылган маалыматта  белгилүү кишилер тарабынан аты жана логитибине берилген зыяндан улам санааркоо билдирилди.

Приштинедеги  мечиттердин картиналарына жасалган кол салуунун окшошу да мурунку күнү Приштине университетинин филология факультетине жасалган. Борбор шаарга курулушу пландалган жана Түркия дин иштери фонду тарабынан финансылана турган Приштине Борбордук мечитине каршы чыккан ким экендиги белгисиз кишилер тарабынан факультеттин дубалдарына президент Хашим Тачи, Приштине мэри Шпенд Ахмети жана Косова Ислам Биримдигинин төрагасы Наим Тернаваны бутага алган коркуткан сөздөр жазылган.



Тектеш кабарлар