Европа Биримдиги Трапмтын бекитүүсүнө каршылык көрсөттү
Санкциялар экономикалык кызыкчылыктарына залакасын келтирсе Европа Биримдиги жооп кайтарууга даяр
Европа комиссиясынын төргасы Жан-Клод Юнкер Орусияга жаңы санкциялардын киргизилишине байланыштуу: «Даярбыз, АКШга каршы экономикалык кызыкчылыктарыбызды жакташыбыз керек жана муну аткарабыз»,-деди.
Жан-Клод Юнкер АКШда бекитилген жана Орусияга жаңы санкциялардын киргизилишин көздөгөн жаңы мыйзамдын Европанын санаркоолорун эске алганын бирок Европа Биримдигинин экономикалык кызыкчылыктарына залакасын келтирген учурда бир канча күндүн ичинде жооп кайтарууга даяр экендиктерин билдирди.
Юнкер: «Даярбыз, АКШга каршы экономикалык кызыкчылыктарыбызды жакташыбыз керек жана муну аткарабыз. Мыйзамдык түзөтүү Европанын кызыкчылыктарына зыян тийгизсе Европа Биримдиги буга бир канча күндүн ичинде жетиштүү өлчөмдө каршылык көрсөтүүгө даяр»-деп айтты.
Айрым Европа өлкөлөрү, Орусиядан Германияга газ ташый турган Nord Stream (Түндүк агым) түтүк жолу сыяктуу чоң долбоорлорго инвестиция салган европалык компанияларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп тынчсызданып жатышат.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.