Англиялык туристтердин Түркияга кызыгуусу

Туризмде Түркиянын өзгөчөлүгү эмне?

779455
Англиялык туристтердин Түркияга кызыгуусу

Англиядагы «Guardian» гезити Түркиянын англиялык туристтер үчүн кайрадан ыңгайлуу альнернативага айланганын жазып чыкты.

Гезит дүйнөдөгү эң чоң туристтик компаниялардан англиялык Thomas Cookтун  билдирүүсүнө орун берди.

Гезиттеги макалага «Түркия менен Греция, Thomas Cookтун  жайкы сатууларын жандандырды» деген тема коюлган.

Thomas Cookтун  билдирүүсүнө караганда быйыл компания аркылуу Түркиядагы туристтик жерлерге жайкы катталуулардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 11 пайыз өстү.

Саякат компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Питер Фанкхаузер, Түркиянын өзгөчөлүгү өтө мыкты тейлөө көрсөткөн өлкө экенин айткан эле.



Тектеш кабарлар