БУУнун чакырыгы

БУУ тараптарларга чакырык салды

776970
БУУнун чакырыгы

БУУ Катар жана айрым араб өлкөлөрүнүн ортосундагы кризис боюнча тараптарларга «өз ара алгылыктуу чечимдерди» издеп табууга чакырды.

БУУнун баш катчысынын өкүлдөрүнөн Фархан Хак күнүмдүк маалымат жыйынында, баш катчы Антонио Гуттерестин Катардын эмири шейх Темим бин Хамад Аль Танинин «диалогго даярбыз» деген билдирүүсүн кубаттаганын айтты.

Ушул сыяктуу билдирүүлөрдүн тараптарлардын макулдашуу жолу аркылуу келишпестиктерди чечүүгө даяр экендиктерин көрсөткөнүн белгилеген Хак: «Баш катчы тараптарларды диалог курууга жана өз ара алгылыктуу чечимдерди издөөгө шыктандырууда»,-деди.

Катар менен айрым араб өлкөлөрүнүн ортосундагы маселе, 5-июнда Сауд Арабия, Египет, Бириккен Араб Эмирликтери жана Бахрейндин Катар менен болгон бардык дипломатиялык алакаларын токтотушу менен башталган болчу.

Катарга эмбарго киргизген 4 өлкө, карым-катнаштардын оңолуусу үчүн Доха башкаруучулугуна «Түркиянын Катардагы аскердик базасынын жабылышы, Иран менен байланыштардын токтотулушу жана Аль-Жазира телеканалынын жабылышы» сыяктуу шарттарды камтыган 13 беренелик талап тизмесин сунуштап, Катар болсо эл аралык мыйзамга каршы келген эч бир талаптын кабыл алынбай турганын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар