Гагариндин папкасы 47500 доллар турабы?

АКШнын Нью Йорк шаарында Sotheby аукцион үйү тарабынан уюштурулган илим тууралуу аукциондо, орус космонавты Юрий Гагариндин 1961- жылдын 12- апрелинде «Восток» ракетасы менен космоско эң алгачкы болуп учкандыгы тууралуу отчет 47500 долларга сатылды.

775342
Гагариндин папкасы 47500 доллар турабы?

Өзүнүн жана советтик космос программасынын башкы инженерлеринин колу коюлган англис тилинде жазылган отчетто Гагариндин төмөндөгүдөй пикирлери орун алган: «Дүйнөнүн ар түрдүү жана жагымдуу белгилери бар болчу. Асманга караганда бул белги дапдаана көрүнчү. Асмандын көгүлтүр өңүнүн бир караганда көк өңгө, кара көккө, сыя көккө жана толугу менен карага айланган кемчиликсиз  өзгөрүүсү бар болчу. Укмуштуудай көрүнүш эле».

Отчет папкасында Гагарин андан тышкары космостон түшүүгө чейинки даярдык процесстери тууралуу кеп салат. Ошондой эле ал папкада косманавттын «Востоктогу» түссүз сүрөтү да бар. Аукциондо америкалык астроном Нейл Амстронгдун Айга барганда колдонгон жана Айдын чаңынын издери калган баштыгы 1 миллион 800 миң долларга сатылды.



Тектеш кабарлар