Камчаткада жер титирөө болду

Орусиянын түндүк чыгышындагы Камчатка жарым аралынын жакындарында рихтер өлчөгүчү боюнча 7, 8 баллдык  титирөө болду.

772706
Камчаткада жер титирөө болду

Орусиянын түндүк чыгышындагы Камчатка жарым аралынын жакындарында рихтер өлчөгүчү боюнча 7, 8 баллдык  титирөө болду.

АКШнын геополитикалык изилдөө борборунан брилген малыматта Камчатка жарым аралынын жакындарында Беринг деңизинде 7, 8 баллдык жер титирөөнүн болгондугу жарыяланды. Маалыматта жер титирөөнүн эпицентринин Алясканын түштүгүндөгү Неар аралдарынын батышы болгондугу билдирилди.

Жер титирөөнүн аймакта 200 километрдик аралыкка таасир бергендиги билдирилген маалыматта бирөөсү 5, 2 баллдык болуу менен тынымсыз болуп туруучу титирөөлөрдүн болгондугу да билдирилди.

АКШда да сезилген жер титирөө тууралуу маалымат берген АКШ Тынч океан цунами эскертүү борбору болсо эпицентрдан 300 километр алыстыктагы жээктерде «цунамми коркунучу» боюнча эскертти. Борбордун билдирүүсүндө АКШнын Калифорния, Орегон, Вашингтон жана Аляска жээктери үчүн тынчсыздануунун кереги жоктугу билдирилди.



Тектеш кабарлар