Канадада өрт күч алды

Канададагы өрт 131 миң 737 гектардан ашуун токой талаасы зыянга учуратты.

772284
Канадада өрт күч алды

Канаданын Бритиш Колумбия дубанынын Ашкрофт, Кейч Гриик, 100 Майл Хаус жана 150 Майл Хаус аймактарында болуп жаткан токойдогу өрт күч алды.

Бритиш Колумбия өрт маалымат борборунун берген маалыматына ылайык, 131 миң 737 гектардан ашуун токой талаасы зыянга учурады. Вильямс Лейк аймагында өрттүн кесепетинен ушул убака чейин 37 миңдей адам коопсуз жайга көчүрүлдү.

Коопсуздук кызматкерлери 10-июлда 14 миң кишини көчүрүшкөнүн, бул сан кечээ күнгө чейин 37 миңге жеткенин билдиришти. Ошондой эле коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдөн 6000 киши расмий катоодон өттү.

Өрт 162 аймакта катталып аны өчүрүүгө 2895 киши жардамга келди. Алардын ичинен 415и атайын өрт өчүрүү кызматкерлери.

Өрт өчүрүү жана куткаруу иштерине 150 аскер жардам берди. Куткаруу ишинде 3 аскердик тик учар менен жалпысынан 10 аба техникасы колдонулду.

Коопсуздук кызматкерлери өрттүн ыкчам жайылуусуна ылдамдыгы саатына 60 кмге жеткен шамалдын себеп болгонун билдиришти. Өрт өчүрүү учурунда бир тик учар кулап, андагы учкуч жарадар болду. Өрттү өчүрүүгө кеткен чыгым 81 миллион долларга жетти.

Коопсуз жайларга көчүрүлгөндөргө 11 баш калкалоочу жай берилди. Кырсыктан жабыр тарткандарга Канада Кызыл крести баш болгон бейөкмөт уюмдар тарабынан жетиштүү өлчөмдө азык- түлүк, дары- дармектер таркатылды.

İslamic Relief Canada аттуу эл аралык уюм да өрттөн жабыр тарткандарга жардам берүү максатында жардам акциясын ачты.

Коопсуз жайга көчүрүлгөн аймакта уурулукка шектелген 10 адам Канада королдугунун астындагы полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар