Глобалдык ысуу коркунучу...

Азия өнүгүү банкынын отчетуна караганда Тынч океандагы аралдарда глобалдык ысууга дуушар болгон жандуу түрлөрү жок боло баштады.

770804
Глобалдык ысуу коркунучу...

Азия материгиндеги 4 миллиард адам чоң апааттын босогосунда турат.

Азия өнүгүү банкынын отчетуна караганда Тынч океандагы аралдарда глобалдык ысууга дуушар болгон жандуу түрлөрү жок боло баштады.

Отчетко караганда, глобалдык ысуудан эң көп таасир алган материк Азия болот.

2100-жылга дейре абанын температурасы Кытайдын түндүк батышында, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстанда 8 градуска жогорулайт, кургакчылык Азияны чырмап алат.

Азияда айрым жерлерде болсо жамгырдын жаашы жарым эсе көбөйөт, күрүч жана дан эгиндерин өндүрүү азаят.

Отчетко караганда океандардын деңегээлинин жогорулашы менен суу астында кала турган шаарлардын төрттөн үчү Азияда орун алат.

Индонезия жана Бангладеш деңиз деңгээлинин жогорулашынан эң көп таасир алган 2 өлкө болот.

2100-жылга дейре Бангладештин 60 пайызы суу астында кала турганы, Индонезияда да жыл сайын миллиондогон кишинин үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз боло турганы божомолдонууда.

Америкалык илимпоздор глобалдык ысуунун авиация тармагына да чоң таасир эте турганы менен эскертишти.

«Climate Change» аттуу журналда чыккан макалага караганда абанын температурасынын артышынын айынан учактардын дагы узун жол тилкеге муктаждыгы болот, салмактарынын да азайтылышы керек болот. Учактардын учуу үчүн күндүн дагы салкын сааттарынан пайдаланууга аргасыз болоору белгиленген.



Тектеш кабарлар