Сребреница кыргыны эскерилүүдө

8 миңден ашуун бошняк өлтүрүлгөн Сребреница кыргынынын курмандыктарынан 71 кишинин дагы сөөгү аныкталды.

768566
Сребреница кыргыны эскерилүүдө

Европада Экинчи Дүйнөлүк Согушунан кийин эң чоң адамзаттык трагедия катары мүнөздөлгөн жана 8 миңден ашуун бошняк өлтүрүлгөн Сребреница кыргынынын курмандыктарынан 71 кишинин дагы сөөгү аныкталды.

Бония – Герцеговинанын чыгышындагы Сребреницада 1995 -  жылы болгон кыргында каза болгон 71 кишинин жаназаларынын түшкү намаздан кийин Поточари эстелик мазарында  көмүлүшү менен бул жердеги кыргындын курманы болгондордун саны 6 миң 575ке жетет.

Бул жылы Поточари эстелик мазарындагы эскерүүгө Түркиядан вице – премьер Нуман Куртулмуш катышууда. Куртулмушту Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен коштоодо.

1995 -  жылы 11 -  июлда Ратко Младичтин командирлигиндеги серб бөлүктөрү Сребреницаны басып алып, БУУнун негизиндеги голландиялык аскерлерге баш калкалаган бошняктар сербдерге тапшырылгандан кийин кырынга учураган. Сербдер өлтүргөн 8 миңден ашуун бошняк топ түрүндө көмүлгөн. Кыргындан бери 22 жыл өткөндүгүнө карабастан өлтүрүлгөн миңден ашуун кишинин жаназасына эмдигие жетишиле элек.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар