В. Путин чоң жыйырмалар саммитинде BRICS өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушту

Путин жолугушууда климаттык алмашуу жана энергияны өнүктүрүү сыяктуу темаларга да токтолду.

766694
В. Путин чоң жыйырмалар саммитинде BRICS өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушту

Орусиянын президенти В. Путин өлкөсүнүн мыйзамдуу болбогон соода жана финансылык санкцияларга каршы экендигин жана Германиянын Гамбург шаарында бүгүн башталган чоң жыйырмалар саммитинде глобалдык соодада позитивдүү динамикалардын түзүлүшүнө көңүл бурууну каалагандыгын айтты.

Путин саммитте террор менен күрөшүүдө кызматташтык чакыруусун кайталашарын да билдирди. Путин Гамбургдагы чоң жыйырмалар саммитинин негизинде BRICS өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушту.

Чоң жыйырмалар саммитинде ачык, адилеттүү, эки тарап үчүн пайдалуу соода принциптери жана дагы күчтүү Дүйнөлүк Соода Уюму эрежелеринин дагы активдүү түрдө каралышы керетигин белгилеп буларды айтты : «Чоң жыйырмалар тобунун дагы адилеттүү глобалдык өнүгүү модели, өлкөлөр арасындагы тең салмаксыздыкты ортодон жок кыла турган, кенен бир өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган бир моделдин өнүктүрүлүшүнө салым кошуусу керектигине ишенебиз».

Путин бардык өлкөлөр үчүн пайдалуу боло турган эл аралык финансылык системанын өнүктүрүлүшү керектигин жана бул үчүн ИМФде дагы көп реформанын  колдоого алынышы керектигин да баса белгиледи. Путин жолугушууда климаттык алмашуу жана энергияны өнүктүрүү сыяктуу темаларга да токтолду.

Путин табиятка адамдардын таасирин азайтуу

үчүн Орусиянын көптөгөн нерселерди аткаргандыгын, бул багытта кызматташтык түзүүгө даяр экендерин да айтты.



Тектеш кабарлар