Иракта ДЕАШ 200 түркмөндү өлтүрдү

ДЕАШтын көптөгөн айлардан бери Телаферде бир топ үй  - бүлөнү бир аскердик кийлигишүүгө каршы калкан катары колдонгонуп жаткан.

765148
Иракта ДЕАШ 200 түркмөндү өлтүрдү

Ирактын Мусул шаарында ДЕАШ террордук уюму кыргынын улантууда. ДЕАШ Телаферде 200 түркмөндү өлтүрдү.

Мусулдун облустук парламентинин төрага орун басары Нуреддин Каплан ДЕАШтын Телаферден коопсуз аймактарга качууга аракет кылган 200 түркмөндү өлтүргөндүгүн жарыялады. Каплан уюм тарабынан өлтүрүлгөн түркмөндөрдүн эки айга жакын убакыт террористтер тарабынан абакта кармалгандыгын, араларында аялдар менен балдардын да бар экендигин айтты.

ДЕАШтын көптөгөн айлардан бери Телаферде бир топ үй  - бүлөнү бир аскердик кийлигишүүгө каршы калкан катары колдонгондугу жана качууларына уруксат бербегендиги белгиленди.

ДЕАШ террордук уюму 2014 -  жылдын август айынан бери Мусулдун батышындагы Ирактын эң чоң району болгон Телаферди кармап турат. Аймакта жашаган түркмөн калкы да ДЕАШ зулумчулугунан кутулуунун жолун издеп жатат.



Тектеш кабарлар