Катарга берилген мөөнөт узартылды

Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египет талап кылган тизмеге жооп бериши үчүн Катарга берилген мөөнөттүн 48 саатка узартылышын кабыл алды.

763279
Катарга берилген мөөнөт узартылды

Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн жана Египет талап кылган тизмеге жооп бериши үчүн Катарга берилген мөөнөттүн 48 саатка узартылышын кабыл алды. Бул төрт өлкө жарыялаган жана Сауд Аравия маалымат агенттиги СПАда орун алган  кабарда Кувейт эмири Шейх Сабах – ел  -  Ахмед ел -  Жабир ес  -  Сабахтын Катарга берилген мөөнөттүн 48 саат узартылышы тууралуу талабынын кабыл алынгандыгы билдирилди.

Маалыматта блокадага алган өлкөлөрдүн көз караштарын, Катардын жообунун иликтенишинен кийин билдирери да белгиленди.

Кувейттин эмири Сабах Катарга берилген мөөнөттүн жекшемби күнү кечинде толушу жана Катардын тышкы иштер министри Шейх Мухаммед бин Абдуррахман Ал Санинин дүйшөмбү күнү Кувейтке барып өлкөсүнүн расмий жообун билдиришинен улам мөөнөттүн 48 саат дагы узартылышын талап кылган болчу.



Тектеш кабарлар