Сербияда өкмөт ишеним добушун алды

Сербиянын жаңы президенти Александр Вучич өкмт куруу милдетин Ана Брнабичке берди.

761923
Сербияда өкмөт ишеним добушун алды

Сербияда мурунку премьер – министр Александр Вучичтин президент болуп шайлануусунан кийин өкмөт куруу милдетин алган Ана Брнабич парламенттен ишеним добушун алды. Жаңы өкмөткө 55 добушка каршы 157 добуш менен ишеним добушу берилди. Анна Брнабич  добуш берүүдөн кийин берген маалыматында Сербиянын убакыт жогото турган мүмкүнчүлүгүнүн жок экендигин айтып : «Мен жана группам Сербия жарандарына эң мыкты кызмат кылуу үчүн болгон күчүбүз менен иштейбиз»,- деди.

Кош жыныстуулугун жашырбаган аял премьер – министр Брнабич өткөн жылы курулган Вучич өкмөтүндө Жергиликтүү башкаруулар министри катары кызмат кылган.



Тектеш кабарлар