Мусулда жан кечтилик кол салуу болду
Кол салууда сегиз киши каза тапты.
Ирактын Мусул шаар борборунун чыгышында ДЕАШ террордук уюм тарабынан жасалаган эки жан кечтилик кол салууда сегиз киши каза болду.
Ирактын коргоо министрилигине караштуу Согуштук медиа желеси тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта шаардын чыгыш жагында Мусенна базарына кирүүгө аракет кылган эки жан кечти кол салуучунун коопсуздук күчтөрү тарабынан байкалган учурда өздөрүн жардыргандыгы жана он тогуз кишинин да жаралангандыгы белгиленди.
Ирак армиясында кызмат кылган капитан Жабар Хасан террористтердин шаардын батыш жагынан чыгышка карай кетүүсүнө бөгөт болуу үчүн Тигр дарыясынын жээгинде коопсуздук чаралардын эң жогорку деңгээлге чыгарылгандыгын айтты.
Тигр дарыясы экиге бөлгөн Мусулд шаар борборунун батыш жагында Ирак армиясы жана ДЕАШтын ортосунда көчө кагылышуулары «Эски шаар» аймагында азыр да улантылууда.