Йеменде холерадан 1205 кишинин каза болгондугу билдирилди

3 миллионго жакын киши холреа коркунучу менен бетме - бет.

758462
Йеменде холерадан 1205 кишинин каза болгондугу билдирилди

Йемендеги холера эпидемиясынан каза болгондордун саны 1205ке жетти. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 27 -  апрелден бери Йеменде 179 миң 548 холера орулуусунун чыккандыгы жана булардан 1205 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму эки күн мурда берген маалыматында өлкөдөгү холера эпидемиясынан 1146 кишинин каза болгондугун билдирген болчу. Өлкөдөгү саламаттык сактоо мекемелери күрөшүп жаткан холера эпидемиясы үчүн Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму, Кызыл Крест жана UNICEF сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан Йеменге медициналык материалдар жиберилген болчу.

Йеменде эки жылдан ашуун убакыттан бери болуп келе жаткан кагылышуулардан улам өлкө ичинде туулган жерлеринен кеткен 3 миллионго жакын кишинин таза ичүүгө боло турган суунун болбошу жана таштандылардын чогултулбашынын айынан дээрлик күн сайын холера менен оору коркунучу бар.

 



Тектеш кабарлар