Европа Биримдиги Орусияга карата санкцияларды узартууда

2014 -  жылы 18 -  мартта Орусия Крым автономиялуу республикасын жана Севастополь шаарын мыйзам тышы аннекция кылган болчу.

758396
Европа Биримдиги Орусияга карата санкцияларды узартууда

Европа Биримдиги Украинанын ырааттуулугун бузду деген негиз менен Орусияга жасаган экономикалык санкциялардын мөөнөтүн 6 айга узартуу чечимин чыгарды.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде улантылып жаткан Европа Биримдигинин лидерлер саммити учурунда твиттер эсебинен маалымат берген Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Дональд Туск буларды билдирди : «Келишим түзүлдү. Орусиянын Минск келишимин ишке ашыруудагы жетерсиздигинин айынан Европа Биримдиги экономикалык санкцияларын узартат».

2014 -  жылы 18 -  мартта Орусия Крым автономиялуу республикасын жана Севастополь шаарын мыйзам тышы аннекция кылган болчу.

Крымдын Орусия тарабынан аннекцияланышы жана Украинанын чыгышында чыккан окуялардан кийин Европа Биримдиги АКШ жана кээ бир өлкөлөр Орусияга экономикалык санкция салууну баштаган.

Европа Биримдиги Орусияга экономикалык санкция салуу чечимин биринчи жолу 2014 -  жылы чыгарган. Узартылган экономикалык санкциялар боюнча Европа Биримдигине мүчө 28 өлкө Орусияга курал сатпай жатат.

Санкциялар менен Орусиянын нефть жана газ секторунда колдонулган кээ бир технологияларды Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн алуусуна чектөө киргизилүүдө. Ошондой эле орус коомдук банктары Европада финансы секторунан четке кагылууда. Өзгөчө соода жана инвестицияларга карата чектөөлөрдү камтыган санкциялар ар 6 айда бир узартылууда. Азыркы учурда санкциялардын мөөнөтү 2017 – жылдын 31 -  июлунда аяктамак.

Европа Биримдигинин мал  - мүлкүн тоңдуруу жана саякатка тыюу салуудан турган кошумча санкциялары да көптөгөн орус жана бөлүүчү жогорку мартабалуу кызматкерди да камтууда.



Тектеш кабарлар