Йемендеги холерадан каза болгондордун саны барган сайын өсүүдө

Йемендеги холера эпидемиясында каза болгондордун санынын 1205ке жеткендиги билдирилди.

757536
Йемендеги холерадан каза болгондордун саны барган сайын өсүүдө

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 27 -  апрелден бери Йеменде 179 миң 548 шектүү оорулуунун болгондугу жана булардан 1205 кишинин каза болгондугу белгиленди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму эки күн мурда берген маалыматында өлкөдөгү холера эпидемиясында 1146 кишинин каза болгондугун билдирген болчу.

Өлкөдөгү саламаттык сактоо мекемелери алдына ала албаган холера эпидемиясы үчүн Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму, Кызыл Крест жана UNICEF сыяктуу эл аралык уюмдар тарабынан Йеменге медициналык материалдар жиберилген болчу.

Йемендеги эки жылдан ашуун убакыттан бери болуп жаткан кагылышуудардан улам  өлкө ичинде  туулган жеринен кеткен 3 миллион кишинин  ичүүгө боло турган суусунун болбошу жана  таштандылардын чогултулбашынын айынан дээрлик күн сайын холера жуктуруп алуу коркунучу бар.



Тектеш кабарлар