Англиянын ЕБнен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрү башталууда

Англиянын Brexit боюнча министри Дэвид Дэвис менен Европа Биримдигинин Brexit боюнча өкүлү Мишел Барние Brexit сүйлөшүүлөрү үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугат.

755401
Англиянын ЕБнен чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрү башталууда

Англиянын Европа Биримдигинен чыгуусуна айланыштуу сүйлөшүүлөр бүгүн башталууда.

Англиянын Brexit боюнча министри Дэвид Дэвис менен Европа Биримдигинин Brexit боюнча өкүлү Мишел Барние Brexit сүйлөшүүлөрү үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселде жолугат.

ЕБнин, Англиянын мурдагы убадаларынан улам 60 миллиард евролук эсеп-фактура төлөшү керектигин жактоосу, сүйлөшүүлөрдөгү эң эле татаал маселелерден бири катары көрүнүүдө.

Англияда жашаган ЕБнин жарандары менен ЕБ өлкөлөрүндө жашаган англистердин абалы жана Түндүк Ирландия менен Ирландия Республикасынын ортосундагы чек ара да мааанилүү темалардан бири.

Өткөн жылы июнь айында өткөрүлгөн референдум менен ЕБнен чыгуу чечимин чыгарган Англия, Лиссабон келишиминин 50-беренесин ишке киргизип бөлүнүү процессин расмий түрдө баштаткан.



Тектеш кабарлар