Англияда өрттөнгөн имаратта көп сандаган кишинин дайыны чыкпай жатат (видео)

Дайыны чыкпай жаткан кишилер канча экени тактала элек, жаралуулардын саны 50гө жетти.

752478
Англияда өрттөнгөн имаратта көп сандаган кишинин дайыны чыкпай жатат (видео)

Англиянын борбор шаары Лондондо 27 кабаттуу имаратта чыккан өрт эртең менен өчүрүлүп бүттү.

Бирок көп сандаган киши каза болгону билдирилүүдө.

Дайыны чыкпай жаткан кишилер канча экени тактала элек, жаралуулардын саны 50гө жетти.

Өрт түн ортосунан оогондон кийин көп кабаттуу имараттын экинчи кабатында башталып кыска мөөнөттүн ичинде имаратты толук каптаган.

Гренфелл мунарасы деп билинген имараттагы өрттү өчүрүш үчүн 40тан ашуун өрт өчүргүч унаасы жана 200 өрт өчүрүч жөнөтүлдү.

Өрт жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен 6 чамаларында текешриле алды.

Өрт убагында имаратта канча киши болгону жана булардан канчасынын дайыны чыкпай жатканы белгилене элек.

Өрт өчүргүч кызматкерлери да каза болгондор бар экенин ырасташты, бирок так сан айтуу азырынча мүмкүн эместигин билдиришти.

Өрттө оор зыянга учураган имараттын кулап кетүү коркунучу болгондуктан суутуу жана издөө иштери кылдат жүргүзүлүп жатат.



Тектеш кабарлар