Кытай - Панама карым - катнаштары

Кытай Орто Америка өлкөлөрүнөн Панама менен дипломатиялык карым – катнаштарды куруу тууралуу келишти.

751901
Кытай  - Панама карым - катнаштары

Кытай Орто Америка өлкөлөрүнөн Панама менен дипломатиялык карым – катнаштарды куруу тууралуу келишти.

Кытай тышкы иштер министри Ванг Йи жана Панаманын тышкы иштер министри  Изабель де Сен-Мало-де Альварадо Кытайдын борбор шаары Пекинде жолугушту. Ванг жана Альварадо катышкан жыйында дипломатиялык карым – катнаштардын курулушу багытында орток билдирүүгө кол коюлду.

Министр Ванг Панаманын кол коюлган билдирүү менен дүйнөдө бир гана Кытайдын бар экендигин, Кытай Эл Республикасы өкмөтүнүн бардык Кытайдын бир гана мыйзамдуу өкмөтү бар экендигин жана Тайвандын Кытайдын бөлүнгүс бир бөлүгү экендигин кабыл алгандыгын айтты.

Тайван аралы менен дипломатиялык карым – катнаштарын 1954 – жылы курган Панаманын келишимдин алкагында арал менен карым – катнаштарын токтоторун белгилеген Ванг бул орток билдирүүнүн эки өлкөнүн карым – катнаштарынын курулушунда негиз болгондугун айтты.

Ванг Кытай менен Панаманын бири бирине эгемендиги, пайдаларына урмат – сый жана ички иштерине кийлигишүү болбостон достук карым – катнаштарды өнүктүрүү тууралуу келишкендигин белгиледи.

Дүйнөдө 90 -  жылдарда 30га жакын өлкө тааныган Тайван менен Панаманын дипломатиялык карым – катнаштарын токтоткондон кийин бул сан 20га түштү.

Сао Томе жана Принсипи да декабрь айында Кытай менен дипломатиялык карым – катнаштардын 20 жылга жакын убакыттан кийин баштаган жана Тайванды таанууну таштагандыгын билдирген болчу. Тайвандык жетекчилер Сао Томе жана Принципинин арал менен дипломатиялык карым – катнаштарын токтотуусунан терең санааркагандыгын билдирип, өлкөдөгү дипломаттардын чегинерин белгилеген болчу.

Кытай өз жери катары көргөн Тайвандын башка өлкөлөр менен карым – катнашынын Пекин башкаруусу аркылуу жүргүзүлүшү керектигин жактап жатат.



Тектеш кабарлар