Улуу Британияда министрлер кабинети түзүлдү

Консервативист партиянын лидери жана өкмөт башчысы Тереза Мэй жаңы кабинетин түздү.

750939
Улуу Британияда министрлер кабинети түзүлдү

Улуу Биртанияда бейшемби күнү өткөн мөөнөтөнүн мурда болгон шайлоодон кийин Консервативист партиянын лидери жана өкмөт башчысы Тереза Мэй жаңы кабинетин түздү.

Үкөктөн чыгарган 318 эл өкүл  санына жетишип өзү жалгыз өкмөт түзүү үчүн керектүү санга жетпеген жана азчылык өкмөтүн кураш үчүн иштерин баштаган Мэйдин жаңы кабинетинде орун ала турган кишилер Англиянын премьер-минстрлиги тарабынан жарыяланды.

Жаңы кабинетте бир топ министрдин шайлоодон мурдагы позицияларын сактап калганы көрүнсө, Англиянын басма сөзү тарабынан «Мэйдин досу жана жакын өнкөтөшү» катары таанылган эмгек жана пенсия министри Дамиан Грин, вице-премьер кызматына дайындалды. Консервативист партиянын бийлигинде 2010-2016-жылдар аралыгында кабинетте ар түрдүү кызматтарды аркалаган Майкл Гоувдун да Экология, азык-түлүк жана элет жердеги иштер министрлигине дайындалып кабинетке кайра кошулганы көңүл бурду.

Кабинеттин толукталганынын жарыяланышынан кийин Англиянын басма сөзүнө маалымат берген премьер-министр Тереза Мэй, өкмөтүнүн социалдык темаларга байланыштуу иштерди жүргүзө турганын билдирди. Брюссель менен боло турган Brexit сүйлөшүүлөрүнүн алдыдагы аптада баштала турганын эске салган Мэй, өкмөттүн айрыкча ийгиликтүү Brexitти элге сунуштай турганын айтты.



Тектеш кабарлар