Украиналыктар Европа Биримдигине визасыз саякатка чыга алышат

90 күнгө чейин болгон туристтик, иш же зыярат максатындагы саякаттар үчүн виза суралбайт.

750786
Украиналыктар Европа Биримдигине визасыз саякатка чыга алышат
ukrayna vizesiz seyahat.jpg

Украиналыктар үчүн Европа Биримдиги өлкөлөрүнө визасыз саякат мезгили башталды. Биометрикалык паспорт ээси украиналыктар Шенген өлкөлөрүнө эми визасыз саякатка чыга алышат.

90 күнгө чейин болгон туристтик, иш же зыярат максатындагы саякаттар үчүн виза суралбайт.

Бардык Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр менен Шенген аймагына кирген Исландия, Норвегия, Лихтенштейн жана Швейцария да визасыз саякатка чыга ала турган өлкөлөрдүн арасында...

Шенгенге тарап болбогон Англия менен Ирландия үчүн виза шарты изделүүдө. Түзөтүү Украина жарандарына Европа Биримдиги өлкөлөрүндө иштөө уруксатын бербейт.

Украиналык жетекчилер саякатарда 30 пайыздык артуунун болушун күтүүдө. 45 миллион калктуу Украинада биометрикалык паспорт ээси болгон киши саны 4 миллион. Ошол эле учурда Украинанын мамлекет башчысы Петр Порошенко жарандарына карата визасыз саякаттын башталышы менен Украина – Словакия чек арасында Европа Биримдиги каалгасынын ачылышын аткарды.

Закарпат аймагында Ужгород чек ара каалгасында Европа Биримдигине визасыз саякаттын башталышынан улам өткөрүлгөн аземге Словакиянын мамлекет башчысы Андрей Киска да катышты. Порошенко Украина паспортунун формасындагы Европа Биримдигине ачылган каалганы ачкыч менен ачты. Каалгадан өткөн Порошенкону чек аранын башка тарабында Киска тосуп алды.

Порошено сүйлөгөн сөзүндө Европаны Украинадан бөлгөн кагаздан жасалган перденин ортодон алынышынын тарыхый бир учур болгондугун билдирди. Порошенко Европа Биримдигине визасыз саякат укугун бардык Украина жарандарынын колдоно аларын белгиледи.



Тектеш кабарлар