Иракта жардыруулар болду

Багдаддын түштүгү менен Кербелада болгон жан кечтилик кол салууларда 50дөн ашуун киши каза болду.

749692
Иракта жардыруулар болду

Иракта борбор шаар Багдаддын түштүгү менен Кербелада болгон жан кечтилик кол салууларда 50дөн ашуун киши каза болду.

Ички иштер министрлигинин жарыясына караганда, алгачкы кол салуу Кербелада аял жан кечтинин базардагы калың элдин арасына кирип барып кара шейшебинин астында жашырган бомбаларын жардырып жибериши менен болду. Ал жардырууда 30 киши каза таап, 35 киши жаракат алган.

Экинчи кол салуу болсо Багдаддын 60 км түштүгүндөгү Мусаййып районундагы базарда болду.Бул жан кечти кол салуусунда 20дан ашуун киши каза тапты. Кол салууларды террордук уюм ДЕАШ моюнга алды



Тектеш кабарлар