4 өлкө Катар тууралуу биргелешкен билдирүүсүн жарыялады

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ),Бахрейн жана Египет биргелешкен бирдирүүсүн жарыялады.

749231
4 өлкө Катар тууралуу биргелешкен билдирүүсүн жарыялады

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ),Бахрейн жана Египет биргелешкен бирдирүү жарыялап, Катарадагы 59 киши жана 12 кайрымдуулук мекемесинин «террор менен байланышы» болгонун айтып чыкты.

Бахрейнден 6, Катардан 5 жана Ливиядан 1 мекеме менен катар Дүйнөлүк мусулман аалымдары биримдигинин төрагасы,египеттик Юсуф аль-Карадави, Катарда 2001-2013-жылдар аралыгында ички иштер министрлигин кылган Абдуллах бин Халид Ал Сани сыяктуу ысымдар орун алган 59 киши «террор тизмесине» киргизилди.

Тизмеге кошулган 59 кишиден 26сынын Египет, 18нин Катар, 5нин Ливия, 3нүн Кувейт атуулу экендиги, Иордания жана Бахрейнден экиден, Сауд Арабия, Йемен жана БАЭден болсо бирден киши бар экени жарыяланды.

Биргелешкен билдирүүдө, сөзү болгон 4 өлкөнүн террор жана радикализм менен күрөшүү, террордун финансы булактарынын жоюлушу, ашкере идеологиялар менен күрөшүлүп коомчулуктун булардан арылтылышы үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларда Доха бийлигинин өз милдетин орундатпаганы айтылды.

Билдирүүдө,өлкөнүн улуттук коопсуздуктары үчүн террордук уюмдардын мүчөлөрүн өлкөдө баш калкалатпоосун максаттаган 2013 жана 2014-жылдары Сауд Арабиянын борбор шаары Риядда кол коюлган келишимдер менен көп жолу жасалган эскертүүлөрдүн Катар тарабынан эске алынбаганынын айтымдары ортого салынды.

Билдирүүдө, Доха бийлигинин келишимдерге баш ийбөөсүнүн жыйынытыгында террор уюмдарынын мүчөлөрүнүн 4 өлкөдө хаоско себепчи болгон кыймылдарды кылганын, өлкөлөрдүн улуттук коопсуздуктарынын коркунучка түшкөнүн алдыга коюп, 12 мекеме жана 59 кишинин террор уюму тизмесине киргизилгени белгиленди.

Жарыяланган тизмедеги киши жана мекемелердин, Катар мамлекети менен байланыштуу же бул өлкөдө жашаганы айтылган биргелешкен билдирүүдө, алдыдагы күндөрдө ысым жана мекеме тизмелеринин жаңы кошула турган ысымдар менен жаңылана турганы баса белгиленди.

Билдирүүдө, тизмедеги киши жана мекемелердин Катар мамлекети кол койгон жана баш ийбегени алдыга коюлган «Террор менен күрөшүү жана террорду финансылоого бөгөт коюу» келишиминин тескерсин кылып, өкмөттүн кош тараптуу жүргүзгөн саясаты менен кызмат кылганы жакталды.

Бир тараптан БАЭнин  артынан Бахрейн да, жазуу түрүндө, оозеки же кандайдыр бир форматта Катарга колдоону камтыган бөлүшүүлөрдү акчалай жаза жана 5 жылга чейин абак жазасы менен жазалай турган кылмыштын алкагына алды.

БАЭ, ушундай түрдө Катарга колдоолорун ачыктоолорунун 3төн 15 жылга дейре абак же 136 миң доллардан аз болбогон түрдө акчалай жаза менен жазаландырыла турганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар