Индия эң оор ракетасын космоско учурду

Индия Европанын космостук аппараттарына болгон көз карандылыгын азайтууну максаттоодо

746657
Индия эң оор ракетасын космоско учурду

Индия 640 тонна салмактагы эң оор ракетасын космоско учурду.

Байланыш тармагына салым кошуусу күтүлгөн ракета Индия үчүн бурулуш жери болуп эсептелет.

Айрыкча бул жаңы ракета менен Индия, Европанын космостук аппараттарына болгон көз карандылыгын азайтууну максаттоодо.

Индиянын басма сөзү «Жаныбар» деп атаган жаңы ракета 2024-жылы космоско астронавт ташыйт.

АКШ, Кытай жана Орусиядан кийин Индия да космоско адам жөнөткөн төртүнчү өлкө болууну калап жатат.



Тектеш кабарлар