Грециянын мурунку премьер - министри Константин Мичотакис каза тапты

Грециянын мурунку премьер – министрлеринен Константин Мичотакис 99 жашында каза тапты.

741289
Грециянын мурунку премьер - министри  Константин Мичотакис каза тапты

 Грециянын мурунку премьер – министрлеринен Константин Мичотакис 99 жашында каза тапты.

Жаңы демократия партиясынын лидери Кирякос Мичотакис жана мурунку тышкы иштер министри Дора Бакояннинин атасы болгон Мичотакис 1990 – 1993 -  жылдары Грециянын премьер – министрлик кызматын аткарган.

Мичотакис 1967 -  жылдагы аскердик хунта тарабынан камоого алынган, бирок кийинчерээк Түркияга качкан. Греция парламентинде көптөгөн жылдар кызмат кылган Мичотакис 1974 – жылы өлкөсүнө кайтканга чейин сүргүндө жашаган.



Тектеш кабарлар