Эверестте 4 альпинист дагы каза болду

Дүйнөнүн эң бийик чокусу Эвересттеги  лагерде 4 альпинист дагы өлүү табылды.

738615
Эверестте 4 альпинист дагы каза болду

Дүйнөнүн эң бийик чокусу Эвересттеги  лагерде 4 альпинист дагы өлүү табылды.

Непал туризм мекемесинен Хеманта Дакал Эверестте сегиз миң метр бийиктиктеги түштүк өткөөлүндө орун алган, чокуга эң жакын лагерь болгон  4 -  лагерде бир чатырда төрт альпинисттин өлүү табылгандыгын белгиледи. Сөөктөр жуманын акырында каза болгон словак альпинисттин сөөгүн издөө үчүн лагерге барган Шерпа жол көрсөтүүчүлөрүнөн турган куткаруу топтору тарабынан табылды.

Непал туризм мекемесинин жетекчилери жуманын акырында Индия, АКШ, Словакия жана Австралия жараны төрт альпинисттин Эвересттин чокусуна чыгып баратып каза болгондугун жарыялаган болчу.

Каза болгон альпинисттердин аттары Рави Кумар, Роланд Еарвуд, Владимир Стрба жана Франческо Энрико Маркетти деп билдирилген. Табылган акыркы сөөктөр менен бул жылы каза болгон альпинисттердин саны онго жетти. Тоодогу биринчи жан жоготуу апрель айында болуп, швейцариялык белгилүү альпинист Уели Стек чокуда болгон кырсыкта каза тапты.

Непал туризм министрлиги айдын башында чокуга чыгуу үчүн бул жылы 371 альпинисттин уруксат алгандыгын билдирип, мунун ушул кезге чейин бул мезгилде жасалган эң жогорку сандагы кайрылуу экендигин белгилеген.

Непал өкмөтү өткөн жылы 289 альпинисттин чокуга чыгуусуна уруксат берген болчу. Чоку жолунда жаман пландоонун натыйжасындагы кемчиликтерден улам кээ бир альпинисттердин каза болушуна жол ачкандыгы белгиленген.



Тектеш кабарлар